Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Иракта кайрадан террордук чабуулдар орун алды


Багдадда орун алган бомба салынган автоунаалардын жардырылуусунан 14 киши каза болуп, ондогондор жарадар болгону кабарланды. Борбордун түштүгүндөгү Хилладагы жардыруудан 11 киши каза таап, 30дан көп киши жарадар болду. Жардыруулар кимдер тарабынан жасалганы азырынча белгисиз. Жыл башынан бери Иракта террордук актылардан каза болгондордун саны 1.5 миңден ашып кетти. Кан төгүү шииттер менен суниттердин ортосундагы тирешүүлөрдон келип чыгууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG