Бүгүн парламент Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын угууну улантат. 2010-жылы дирекцияны жетектеген азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев депутаттардын суроолоруна жооп берет. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө Ошто үйлөрдүн сапатсыз курулгандыгы, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилгендиги айтылууда. (AiT)