Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Садыр Жапаров “Ата-Журт” партиясынан чыкты


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров “Ата-Журт” партиясынан чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу бүгүн билдирди. Экс-депутат партиядан чыгуу чечимин коомчулукта “партия-партия болуп бөлүнүү күч алганы үчүн” кабыл алган. Ал мындан ары эч кандай партияга мүчө болбой эле, коомдогу талылуу маселелерди көтөрүп чыгууну уланта берерин жазган.

“Ата-Журт” партиясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Жапаровдун бул демилгесинде эч кандай саясий себеп жок.

Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган. (SE)

XS
SM
MD
LG