Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Сочи: Норвегия кайрадан үчилтикте


Сочи олимпиадасында Норвегиянын спортчулары 7 алтын медал топтоп, кайрадан алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Биринчи орунда дагы эле Германия келатат. Немистерде азыр 8 алтын, 3 күмүш, 4 коло медал бар. Экинчи тепкичте Норвегия – 7 алтын, 4 күмүш, 7 коло медал. Үчүнчү орунду Нидерланддын спортчулары ээлеп турат. Алар 6 алтын, 6 күмүш, 8 коло медал топтоду.

18-февралда орусиялык спортчулар алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирип, Норвегияны 5-орунга сүрүп чыгарган болчу. Бүгүн Орусия бешинчи тепкичке түштү. Төртүнчү орунду АКШ ээлеп турат.

Сочи шаарында 7-февралда башталган кышкы олимп оюндары 23-февралда жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG