Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Сатыбалдиев мамдирекциянын ишин кайра текшерүүгө каршы эмес


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, июнь окуясынан кийинки кырдаалга байланыштуу айрым үйлөрдүн курулушунда кемчиликтер кеткен. Аларды мекемелер аралык комиссия түзүп текшерүүгө Сатыбалдиев каршы эмес. Ага чейин депутат Өмүрбек Абдырахманов мамдирекциянын ишин эл аралык аудиторлорду кошуу менен кайрадан текшерүүнү сунуштаган болчу.

Жогорку Кеңеш бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын кароону улантып жатат.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнү белгиленген. Ошондой эле андан кийинки өкмөт бул мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн дирекцияны атайлап жоюп жибергени айтылган. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшериши жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериши керектигин билдирген.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG