Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Кадамжайда кутурмага шектелген адам каза болду


Баткендин Кадамжай районунда кутурма оорусуна шектелип, ооруканага жаткырылган жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы ОПХ айылынын 39 жаштагы тургуну кутурма оорусуна шектелип, 17-февралда райондук ооруканага дарыланууга жаткырылган болчу.

Ал 18-февраль күнү түнкү саат онго жакын каза болду. Маркумдун оорусун текшерүү иштери уланууда. Бүгүн анын анализи Ош облусундагы вирусологиялык лабораторияга жиберилди.

Баткен облустук ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча башкармалыктан "Азаттыкка" маалымдашкандай, маркумду январь айында ит тиштеп алган. Бирок ал дарыгерлерге кайрылган эмес. (SE/JsA)

XS
SM
MD
LG