Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

ЖК: Сатыбалдиевге кызматын убактылуу тапшыруу сунушталды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди убактылуу кызматын тапшырууга чакырды. Мындай демилге менен «Республика» фракциясынын мүчөсү Чолпон Султанбекова чыкты. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин кайрадан текшерүү үчүн премьер-министрдин кызматын убактылуу тапшырып турганы оң.

Буга жооп берген Жантөрө Сатыбалдиев бул маселени саясатка айландырбоону өтүнүп, кызматты тапшыруунун зарылчылыгы жок экенин кошумчалады. Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы мамдирекциянын ишин кайра текшерип чыгууга каршы эместигин да билдирген.

Парламент бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын тыянагын кароону улантып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG