Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Кар көчкү коркунучу Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Нарын - Торугарт, Казарман - Акталчак, Баетов – Ак-Кыя, Арал - Миң-Куш унаа жолдорунда 21-февралга чейин сакталат.

Аба ырайы:

20 - февралда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн - 2...-4, күндүз 1…3 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG