Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

ЕБ: Боснияда саясатчылар элди укпай жатат


Европа Биримдигинин өкүлү Боснияда саясатчыларды демонстранттарга кулак салууга чакырды. Биримдиктин кеңейүү комиссары Штефан Фүле Сараеводо улуттук жактан бөлүндү болгон Босния-Герцеговинанын саясатчылары менен жолугушкандан кийин сүйлөдү. Ал карапайым адамдардын экономикалык жана антикоррупциялык реформа жүргүзүү талаптарын угуу керектигин белгиледи. Фүле ошондой эле улуттук азчылык өкүлүнүн бийликте болушуна жол ачуучу конституциялык реформа аракеттерин токтотуп жаткандыгын бышыктады. Европа биримдиги бул шарт өзгөрмөйүнчө Боснияны кабыл албай тургандыгын эскерткен. (jch)

XS
SM
MD
LG