Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Ош: “Замандаштын” депутаты соттун чечимин ала элек


Ош шаардык кеӊешинин мурдагы депутаты Нурадил Жолдошов шаардык сот анын пайдасына чыгарган чечимди колуна ала элек. Чечим колуна тиймейинче алдыдагы пландары жөнүндө маалымат бербейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жолдошов өзү билдирди.

Ош мэрин шайлоо алдында «Замандаш» партиясынын саясий кеңеши Жолдошовду шаардык кеңештен чакыртып алган. Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыраткан болчу. Экс-депутат бул үчүн БШКны сотко берген.

18-февралда, Ош шаардык соту ишти Жолдошовдун пайдасына чечип, БШКнын чечимин жокко чыгарган.

2012-жылы шаардык кеңешке болгон шайлоодо “Замандаш” партиясынан шайланган Нурадил Жолдошов партия көздөгөн депутаттык коалицияга кирүүдөн баш тартып, “Улуттар биримдиги” фракциясы менен чогуу коалиция түзгөн.

“Замандаш” партиясы Жолдошовдун талапкерлигин кайра чакыртып алган соң, анын ордуна депутат болуп Камчыбек Мамбетов келген. (YI)

XS
SM
MD
LG