Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Украин министри Киевге десанттар жиберилгендигин тастыктады


Украин коргоо министри Павел Лебедев Киевге десанттар жиберилгендигин тастыктаганын УНИАН кабарлайт. Министрдин айтымында, мындай буйрук согуштук курал-жарак сакталган базаларды кайтаруу максатында берилди. Бир аз мурда Украинанын мурдагы ички иштер министри, азыркы оппозициянын өкүлү Анатолий Гриценко Днепропетровскидеги 25-десанттык бригаданын 500 аскери Киевге жиберилгенин жазган. Буга чейин украин армиясы саясий жаңжалды басууга тартыла элек болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-февралда Киевде болгон полиция менен демонстранттардын кагылыштарында 25 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жабыр тартканын билдирет.

Украин бийликтери бул кандуу жаңжал үчүн жоопкерчиликти оппозицияга жүктөдү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сергей Арбузов Киевдеги окуяны – "бийликти басып алуу аракети" деп баалады.

Өлкөнүн батышындагы бир катар шаарларда оппозициянын жактоочулары облустук бийликтердин кеңселерин басып алышты. Аймактарда Киевдеги Майданга дары-дармек, каржат топтоо уланууда. Баш калаага кирген жолдордун көбү жабык турат.

XS
SM
MD
LG