Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

ЕБ Украинага санкция киргизүүнү чукул карайт


Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон биримдиктин тышкы иштер министрлерин эртең Брюсселде Украина боюнча чукул жыйынга чакырды. Эштон бүгүн «бардык чаралар», анын ичинде кан төгүүлөр жана ашыкча күч колдонуу үчүн жоопкер тараптарга карата конкреттүү чара көрүлүшү мүмкүн экендигин эскертти. Киевде өткөн түндөгү кагылыштарда кеминде 25 кишинин өмүрү кыйылды. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт кан төгүү үчүн президент Януковичти күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG