Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Мирзохалим Каримовдун жаңы китеби чыкты


Жазуучу Мирзохалим Каримовдун “Кыз күйүтү” аттуу аңгемелер жыйнагы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучу өзү билдирди. Китеп “Кыргызпатент” ишканасынын каржылык колдоосу менен 500 нускада басылды. Ага Каримовдун 16 аңгемеси киргизилди.

Мирзохалим Каримов Тажикстанда туулуп-өсүп, чыгармачылык жолун Кыргызстанда баштаган. “Кыя жолдор”, “Зындан”, “Кара-Тегин”, “Мажүрүм тал”, “Түйшүк” сыяктуу чыгармалардын автору. (KE)

XS
SM
MD
LG