Бөрү баласын өзүнө иттей имере алган дүйнөдөгү эки кишинин бири - Ошто жашаган Аман Патышев. Ал 1987-жылдан бери бөрү багат. Анын колунда азырынча жалгыз карышкыр Акбара бар. Ал али бир жашка да чыга элек, 11 айга эми толгон. Жанындагы сары иттин аты Алесия. Аман аке бул экөөн достор деп коет. Аман аке Акбарага татыктуу жигит таап, андан 50% ит, 50% бөрү болгон аргын алууну пландап отурат. Ал бөрү баласы ит болбойт дегенге түк ишенбейт. Анткени 35 жыл ичинде отуздан ашык бөрү багыптыр.
Бөрү баласын ит кылган Аман ага
![Аман Патышев Акбаранын чынжырындагы айланбай калган тогоону тазалап жатат. ](https://gdb.rferl.org/86b7e35b-8f38-487d-abf9-c2f8978bf6bf_w1024_q10_s.jpg)
1
Аман Патышев Акбаранын чынжырындагы айланбай калган тогоону тазалап жатат.
![Аман аке бул каргыны азырынча Акбаранын мойнуна тага элек. Дагы бир аз убакыттан кийин Акбараны жетелеп жүргөнгө үйрөтүү үчүн ушул каргынын кереги тийет. ](https://gdb.rferl.org/2f59ed88-a71d-4077-8583-4ec52aa0db46_w1024_q10_s.jpg)
2
Аман аке бул каргыны азырынча Акбаранын мойнуна тага элек. Дагы бир аз убакыттан кийин Акбараны жетелеп жүргөнгө үйрөтүү үчүн ушул каргынын кереги тийет.
![Бул Аман акенин 1999-жылы багууга алган Көкжал аттуу карышкыры. Ал таза кандуу, кызгылт түстүү бөрү болгон. Аман акенин унаасынын алдыӊкы орундугу Көкжалдын орду болор эле. Амандын унаасынын дабышын жазбай таанычу. Сүрөт 2000-жылы тартылган. ](https://gdb.rferl.org/64e92ed6-7f72-411b-8a07-ea8b2f0a5612_w1024_q10_s.jpg)
3
Бул Аман акенин 1999-жылы багууга алган Көкжал аттуу карышкыры. Ал таза кандуу, кызгылт түстүү бөрү болгон. Аман акенин унаасынын алдыӊкы орундугу Көкжалдын орду болор эле. Амандын унаасынын дабышын жазбай таанычу. Сүрөт 2000-жылы тартылган.
![ Аман Патышевдин короосу. Ишемби жана жекшемби күндөрү короонун дарбазасы ачылып, унаа коюучу жайга айланат. Калган күндөрү короонун ичинде Акбара берки иттер менен кенен ойнойт. ](https://gdb.rferl.org/8a1ea9ae-e847-41e6-aa6a-f726d699e24e_w1024_q10_s.jpg)
4
Аман Патышевдин короосу. Ишемби жана жекшемби күндөрү короонун дарбазасы ачылып, унаа коюучу жайга айланат. Калган күндөрү короонун ичинде Акбара берки иттер менен кенен ойнойт.
![Аман Патышевдин аялы каза болуп калган. Аны эскерип, кире беришке аялы тирүү кезиндеги сүрөттөрдү илип койгон. «Аялым тирүү болгондо үйдөн конок үзүлчү эмес. Кыргызстандын артисттери, чоӊдору, өзбек ырчысы Юлдуз Усманова да көп келер эле. Ал азыр болгондо мени менен кошо Акбараны да мыкты багат болчу. Ал жакшы адам эле», -дейт Аман аке. ](https://gdb.rferl.org/a9f22cac-3a12-42d8-918b-56477337eceb_w1024_q10_s.jpg)
5
Аман Патышевдин аялы каза болуп калган. Аны эскерип, кире беришке аялы тирүү кезиндеги сүрөттөрдү илип койгон. «Аялым тирүү болгондо үйдөн конок үзүлчү эмес. Кыргызстандын артисттери, чоӊдору, өзбек ырчысы Юлдуз Усманова да көп келер эле. Ал азыр болгондо мени менен кошо Акбараны да мыкты багат болчу. Ал жакшы адам эле», -дейт Аман аке.
![Аман акеде аӊгеме көп, аӊчылык, жаныбарлар, достор... Аны менен сүйлөшкөн адам ага таӊ калып бүтбөйт. Мүнөзү ачык, адамды кыжаалат кылбай так кесе сүйлөйт. Чечкиндүү мамиле кылат. ](https://gdb.rferl.org/530316b5-1927-4a10-9fc9-f3da3e77859a_w1024_q10_s.jpg)
6
Аман акеде аӊгеме көп, аӊчылык, жаныбарлар, достор... Аны менен сүйлөшкөн адам ага таӊ калып бүтбөйт. Мүнөзү ачык, адамды кыжаалат кылбай так кесе сүйлөйт. Чечкиндүү мамиле кылат.
![Ишемби-жекшемби күндөрү унаа базарга келгендер Аман акенин короосуна унааларын коюшат. Бул күндөрү Акбара короого унаасын койгон адамдарга жертөлөнүн кыӊкая ачылган эшигинен көз салат. ](https://gdb.rferl.org/cfe65080-99be-4b4a-a568-fffa6df6097b_w1024_q10_s.jpg)
7
Ишемби-жекшемби күндөрү унаа базарга келгендер Аман акенин короосуна унааларын коюшат. Бул күндөрү Акбара короого унаасын койгон адамдарга жертөлөнүн кыӊкая ачылган эшигинен көз салат.
![Чынжырланган Акбара менин алдымда ары-бери чуркап жүрдү. Бош болгондо кандай мамиле кылмактыгын билбедим.](https://gdb.rferl.org/e709e78a-0784-4c00-a54f-1b2588a22454_w1024_q10_s.jpg)
8
Чынжырланган Акбара менин алдымда ары-бери чуркап жүрдү. Бош болгондо кандай мамиле кылмактыгын билбедим.
![Акбара бизге алаксып атып, атайын ага алып келинген тамактын жакшысынан кур калды. Анкени эттин даамдуу жерлерин курбусу Алеся улам ары көтөрүп кетип жатты. ](https://gdb.rferl.org/f4ba4cd4-b664-4664-837f-3341b554664b_w1024_q10_s.jpg)
9
Акбара бизге алаксып атып, атайын ага алып келинген тамактын жакшысынан кур калды. Анкени эттин даамдуу жерлерин курбусу Алеся улам ары көтөрүп кетип жатты.
![Беш ит менен кошо улам бөрүлүк мүнөзү күч алып келе жаткан Акбараны багуу түйшүгү Аман акенин небереси Жумаштын мойнунда.](https://gdb.rferl.org/bb57de11-4983-44ef-82d2-b528d46c0d42_w1024_q10_s.jpg)
10
Беш ит менен кошо улам бөрүлүк мүнөзү күч алып келе жаткан Акбараны багуу түйшүгү Аман акенин небереси Жумаштын мойнунда.
![Акбарага күн сайын эт бергенде улам бир кесимин ыргытып беришет экен. Ал жашыл чакага алгачкы жолу баш салып жатат. Акбарага күн сайын 6 кило эт берилет, үч килосу эртең менен, калганы кечинде. Аман аке «мурунку карышкырларыма алма жегенди да үйрөткөн болчумун» -дейт. ](https://gdb.rferl.org/d6844688-6ade-4b07-b92c-1b3756e8f8a3_w1024_q10_s.jpg)
11
Акбарага күн сайын эт бергенде улам бир кесимин ыргытып беришет экен. Ал жашыл чакага алгачкы жолу баш салып жатат. Акбарага күн сайын 6 кило эт берилет, үч килосу эртең менен, калганы кечинде. Аман аке «мурунку карышкырларыма алма жегенди да үйрөткөн болчумун» -дейт.
![Акбара менен Алеся жакын курбулар. Алар алдындагы кичинекей күчүктү да өздөрүнө кошуп алышкан. ](https://gdb.rferl.org/d098758a-81d6-4e26-9c6b-3d51d49cfc11_w1024_q10_s.jpg)
12
Акбара менен Алеся жакын курбулар. Алар алдындагы кичинекей күчүктү да өздөрүнө кошуп алышкан.
![Бөрү тукуму ушундай жортот экен. ](https://gdb.rferl.org/fb77d68f-54b6-426f-a860-bccdaa80fafc_w1024_q10_s.jpg)
13
Бөрү тукуму ушундай жортот экен.
![Акбара менен беттешүү.](https://gdb.rferl.org/a540d846-bf9c-45e0-8d96-bde8f2b5b2f3_w1024_q10_s.jpg)
14
Акбара менен беттешүү.
![Акбара менен тиги кара челек жакшы тааныш. Акбара суну челектен ичкенге көнүп калган. ](https://gdb.rferl.org/6e387910-3eee-4479-b82d-ecb51bf75dc6_w1024_q10_s.jpg)
15
Акбара менен тиги кара челек жакшы тааныш. Акбара суну челектен ичкенге көнүп калган.
![Ушул тейде Акбара эмнени ойлоп атканы эч кимге белгисиз.](https://gdb.rferl.org/37833227-0468-47df-a80a-2057930e85f9_w1024_q10_s.jpg)
16
Ушул тейде Акбара эмнени ойлоп атканы эч кимге белгисиз.
![Аман аке аптасына бир жолу шаардагы мал союучу жайлардан керексиз делген эттерди кап-кап кылып ташып келет. ](https://gdb.rferl.org/de30691d-730b-4a9c-8466-35c6ecc1099d_w1024_q10_s.jpg)
17
Аман аке аптасына бир жолу шаардагы мал союучу жайлардан керексиз делген эттерди кап-кап кылып ташып келет.
![Курбулар. Акбара жана Алеся.](https://gdb.rferl.org/edb5a2fd-ff81-4e34-b49c-a10c7e030781_w1024_q10_s.jpg)
18
Курбулар. Акбара жана Алеся.
![Бир жашка толо элек Акбара чоӊ дөбөттөй көрүнөт. ](https://gdb.rferl.org/d69b37c5-3bdb-4a13-8d5c-fe306625fee4_w1024_q10_s.jpg)
19
Бир жашка толо элек Акбара чоӊ дөбөттөй көрүнөт.