Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Киевде кырдаал курч бойдон калууда


Кандуу кагылыштардан кийин Киевдин Төбөлсүздүк аянтында бүгүн демонстранттар менен полиция тирешип турушат.

Бийликтердин маалыматына ылайык, Киевде өткөн түндөгү кагылыштарда 25 кишинин өмүрү кыйылды. Жүздөгөн адам жараат алды. Каза тапкандардын тогузу тартип коргоочулар, бири журналист. Эки тарап тең курман болгондордун ок жегендигин айтышууда.

Бүгүн полиция Төбөлсүздүк аянтын бошотуу аракетинен баш тарткандан кийин, кагылыштар басаңдап калды.

Украинанын батышындагы бир нече шаарда, анын ичинде Львовдо жана Иваново-Франкивскиде демонстранттар өкмөттүк имараттарды жана полиция бекеттерин басып алышты.

Ички иштер министрлиги өлкө боюнча 40 кылмыш иши козголуп, 60ка чукул адам кармалганын бышыктады. Украинадагы демонстрациялар мындан үч ай мурда башталган.

XS
SM
MD
LG