Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

БШК Сулеймановду депутаттыктан ажыратуу сунушун карашы мүмкүн


Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Бахадыр Сулеймановду мандатынан ажыратуу маселесин бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы карашы кабарланууда. Ага депутаттын Казакстандын жараны экенин тастыктаган документтердин БШКга берилиши негиз болууда. Документтер “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы тарабынан табылганын партиянын Ордо кеңешинин төрагасы Жолдошбек Орозов “Азаттыкка” билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Жаркын Бапанова БШК 20-февралда жыйынга чогуларын тастыктап, бирок күн тартибиндеги маселе менен тааныш эместигин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG