Тараптар шаршембидеги жолугушуудан кийин өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн сүйлөшүүнү макулдашканын кабарлашты. Оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюктун “Батьковщина” партиясынын сайтындагы билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүнүн натыйжасында Майданды күч менен тазалоо болбойт. Украинада акыркы күндөрдөгү кагылышуулардан 26 киши каза таап, жүздөгөн адам жарадар болду.
АКШ президенти Барак Обама башаламандык уланса, анын кесепети жаман болорун эскертти. Бул арада Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Европа Украина маселесин талкуу үчүн тышкы министрлердин чукул жыйынын чакырганын кабарлады:
- Биз Европада тышкы иштер министрлеринин чукул жыйынын чакырууну чечтик. Анда санкция киргизүү маселеси каралат.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Франция, Германия, Польшанын тышкы иштер министрлери Киевге бүгүн келип кетери кабарланды. (AiT)