Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Юсуповго байланыштуу дагы бир тасма чыкты


Интернетте Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Абдулла Юсуповго байланыштуу дагы бир тасма тарады. Анда Юсупов менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, аталган абактын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун жана ошол эле абактын жетекчисинин мурдагы орун басары Улан Абдыкеримовдун сүйлөшүүлөрү жазылган.

Тасмадагы Текебаевге байланыштуу бөлүктө депутат Юсуповдун абактагы турган жерин көрүү максатында келгени, Юсупов менен кыска сүйлөшкөнү жазылган.
Экинчи бөлүгүндө Жусупбеков менен Юсупов темир тор аркылуу баарлашып, аны түрмөдөн чыгарууга көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө сөз болгон. Экөөнүн сүйлөшүүсүндө Жусупбеков Юсуповду боштондукка чыгаруу үчүн Текебаев менен макулдашып жатканы айтылат.

Абдыкеримов менен да ушул жаатта сөз болуп, Юсупов андан нан жана тамеки үчүн 2000 сом сураган. (SE)

XS
SM
MD
LG