Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Жусупбеков: Тасма монтаждалган болушу мүмкүн


Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков абактагы Абдулла Юсупов менен сүйлөшүүсү жазылган тасманы “монтаждалган болушу мүмкүн” деп айтты. Мындай пикирин Жусупбеков бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, экөөнүн жолукканы чын, бирок алардын ортосунда тасмадагыдай диалог болгон эмес. Жусупбековдун оюнча, аны бирөөлөр атайын жасаган.

Юсупов менен №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчисинин сүйлөшүүсү тууралуу тасма интернетте 19-февралда пайда болду. Сүйлөшүүдө Жусупбеков Юсуповду боштондукка чыгаруу үчүн Текебаев менен макулдашып жатканын айткан.

Андан сырткары, видеодо Юсупов менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана аталган абактын башчысынын мурдагы орун басары Улан Абдыкеримовдун да жолугушканы көрсөтүлгөн. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG