Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Текебаев: Тасманын артында Рысалиев турат


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактагы Абдулла Юсуповго байланыштуу тасманы таратуунун артында Зарылбек Рысалиев турганын айтты. Ал Юсуповду бошотуу тууралуу №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков менен сүйлөшпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Бул тасма Зарылбек Рысалиевдин дагы бир амалы. Анткени, ал кишинин Юсуповго менен байланыштуу кыңыр иштеринин бети ачылып, тергөө бүтүп калды,- деди Текебаев.

“Азаттык” радиосу азырынча Зарылбек Рысалиевге байланыша алган жок.

19-февралда интернетке тараган тасмада аталган тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков Абдулла Юсупов менен жолугуп, аны боштондукка чыгаруу үчүн Текебаев менен макулдашып жатканы көрсөтүлгөн. Бирок Жусупбеков да бул видеонун монтаждалганын айтууда.

Марс Жусупбеков өткөн жылдын ноябрында жумуштан бошотулган. Ага абактагы өзүм билемдиги үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда үй камагында.

Азыр коомчулукта кызуу талкууланып жаткан тасмада Текебаев менен Юсуповдун да жолугушуусу бар. Анда депутат Юсуповдун абактагы турган жерин көрүү максатында келгени жана Юсупов менен кыска сүйлөшкөнү жазылган.

Андан сырткары, абактын жетекчисинин мурдагы орун басары Улан Абдыкеримов менен Абдулла Юсуповдун жолугушуусу да тасмага камтылган. Экөөнүн диологунда Юсупов андан нан жана тамеки үчүн 2000 сом сураган. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG