Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Сочи: Норвегия биринчи орунга чыкты


Сочи олимпиадасында Норвегиянын спортчулары 9 алтын медаль менен биринчи орунга чыкты. Бир жумадан бери лидерликти бербей келаткан германиялыктар экинчи тепкичке түштү. Аларда азыр 8 алтын медаль бар. Америка Кошмо штаттары 7 алтын медаль менен 3-орунда келатат. Бул тууралуу Сочи олимпиадасынын расмий сайты маалымдайт.

Мыкты натыйжа көрсөтүп жаткан алдыңкы 10 мамлекеттин катарында Орусия, Нидерланды, Швецария, Канада, Беларусь, Польша жана Франция да бар.

Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев 19-февралда лыжа тебүүнүн гигант слалом түрүнөн катышып, 109 спортчунун ичинен 61-орунга татыды.
Ал 22-февраль күнү слалом боюнча мелдешке катышат.

Сочи шаарында 7-февралда башталган кышкы олимп оюндары 23-февралда жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG