Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусия “Манаска" инвестиция салууга даяр


Бишкекте 19-февралда кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү “Манас” аба майданына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет-меморандумуна кол койду. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкек Москвага “Манас” эл аралык аэропортуна бир миллиард рубль инвестиция салууну убада кылды. Азыр анын шарттары боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

"Бул аба майданда АКШнын транзиттик борбору чыгарылгандан кийин анын ордуна эл аралык хаб түзүүгө, көбүрөөк учактарды кабыл алууга, инфраструктасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары Ош аба майданынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө каржылык шарт түзүлөт", - дейт Оторбаев.

Ниет-меморандумдан кийин эки өлкөнүн өкмөтү келишимдин долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Акыркы чечимди парламент кабыл алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG