Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Киевде дагы беш киши набыт болду


20-февралда Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонууда. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды. Кризисти жөндөө максатында Украинага келген Германиянын, Франциянын жана Польшанын тышкы иштер министрлери кагылыштар кайра башталганда, Киевден учуп кеткени кабарланды.

Бүгүн Брюсселде Украинага каршы санкцияларды жарыялоо боюнча Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жолугат. 18-февралдагы кагылыштарда кеминде 28 адам мерт кетти. (AiK)

XS
SM
MD
LG