Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Орусиянын кара тизмесинде 60 миң кыргызстандык бар


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов бүгүн Бишкекте миграция темасына арналган жыйында билдирди.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган мигранттардын тизмеси Федералдык миграция кызматы тарабынан такталган. Эки ай мурун кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны 40 миң болчу.

Кара тизмеге Орусиянын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар илинип жатат.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран бар. Бирок мигранттардын өзүлөрүнүн айтымында, алардын саны 1 миллиондон ашат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG