Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Обама: Украинада бирдиктүү өкмөт түзүлүшү керек


АКШнын президенти Барак Обама Украинадагы оппозиция менен бийликтин ортосундагы элдешүү келишими жетиштүү эмес, ага кошумча бирдиктүү өкмөт түзүлүп, таза шайлоолор өтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу Обама Мексикадагы саммит учурунда оппозиция жана президент Янукович “жарашуу” тууралуу келишкен соң бир нече сааттан кийин айтты. Украинада оппозиция жана бийлик кандуу кагылыштарга чекит коюу максатында элдешүү жана түз сүйлөшүүлөр тууралуу жарыялашкан эле. Ошондой эле Обама Украина жана Сирия өкмөттөрүнө Орусия таасир эткенин, бирок элдер өз укуктарын талап кылып чыкканын кошумчалады. Обама бул окуяларга Орусия менен АКШнын геосаясий эрегешүүсү таасир эткен жок деп эсептейт (AiK).

XS
SM
MD
LG