23-25-февраль күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатат. Бул аралыкта мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондорго калың кар түшөт. Синоптиктердин билдиришинче, электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -10 градуска чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -14, күндүз -7 градуска чейин суук болот.
Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, автоунаа кыймылын, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде түйшүк жаратат. (SE)