Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Европалык министрлер Янукович менен жолугуп жатканы кабарланууда


Жолугушуу Киевдеги президенттик сарайда эмес, башка жакта өтүп жаткандыгы кабарланууда. Буга чейин европалык үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Киевден чыгып кеткени айтылган эле. Бүгүн Киевде кризисти жөндөө максатында Германиянын, Франциянын жана Польшанын тышкы иштер министрлери украин бийликтери менен сүйлөшмөк. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский бейшембиде жанданган кагылышуулар жолугушууга жолтоо болуп жатканын кабарлады.

Ал арада Украинадагы жаңы кагылышууларда кеминде беш киши мерт кеткени кабарланууда. 18-февралдагы кагылыштарда кеминде 28 адам өлгөн. Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданганды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонууда. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды. Брюсселде Украинага каршы санкцияларды жарыялоо боюнча Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жолугаары күтүлүүдө. (AiK).

XS
SM
MD
LG