Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өттү


Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон дүйнөлүк алты держава жана Иран ортосунда Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча жума ичи Венада “өтө жемиштүү сүйлөшүүлөр” өткөнүн, бул "жакшы башталыш" экендигин кабарлады.

Венадагы үч күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин Эштон кийинки жолугушуулар 17-мартка белгиленгенин кошумчалады. Эштон аталган сүйлөшүүлөрдө кийин талкууланчу маселелер аныкталганын баса белгиледи. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф ал жана Эштон кийинки жолугушууларда “талкууланчу маселелердин темасы” боюнча макулдашканын тастыктады.

2013-жылдын 24-ноябрынан бери Венада Иран жана АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция, Германия алгачкы жолу жолугушууда. 24-ноябрда убактылуу келишим жетишилип, анда Иран алты айга ядролук активдүүлүгүн азайтарын айтып, буга жооп катары айрым эл аралык санкцияларды азайтуу каралган. (AiK)

XS
SM
MD
LG