Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Сулеймановдун мандатын алуу маселеси башка күнү каралат


Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Бахадыр Сулеймановду мандатынан ажыратуу маселеси башка күнү каралат. Тийиштүү документтер топтоло электигине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын өкүлү Жаркын Бапанова билдирди. Келерки жыйын кайсыл күнү болору анык эмес.

Депутаттын Казакстандын жараны экендигин тастыктаган документтер табылганына байланыштуу БШК бүгүн Сулеймановдун мандатын алуу боюнча жыйынга чогулмак.

Документтер “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы тарабынан табылган. Бул тууралуу партиянын Ордо кеңешинин төрагасы Жолдошбек Орозов “Азаттыкка” билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG