Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Тил комиссиясы "Ынтымак тили" телестудиясын ачты


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында бүгүн “Ынтымак тили” телестудиясынын бет ачары өттү.
Жаңы телестудиянын негизги максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен Кыргызстандагы башка тилдердин сакталышына шарт түзүү. Ошондой эле эл аралык достук мамилелерди күчөтүү, улуттар аралык ынтымакты сактоо, маданият, каада-салттарды өнүктүрүүдө мамлекеттик тилди ынтымак жана өлкөдөгү улут аралык мамилелердин тилине айландырууну көздөйт. Бул тууралуу "Азаттыкка" тил комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Телестудияны Мамлекетик кадр кызматынын директорунун орун басары Бахтияр Фаттахов менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов ачып, ага республикалык маалымат каражаттарынын жана маданий борборлордун өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара 21-февраль – Эне тилди коргоонун эл аралык күнүнө да туш келди.

XS
SM
MD
LG