Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Бордюжа: кыргыз-тажик чек арасындагы абал жакшырды


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа кыргыз-тажик чек арасындагы абал жакшырганын билдирди. Николай Бордюжа Дүйшөмбүдөгү бир күндүк сапары учурунда журналисттерге чек араны делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиялары өз ишин жыйынтыктап жатканын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасы январдын ортосунан бери жабык турат. 11-январда чек арачылар ок атышып, натыйжада эки тараптан 8 киши жараат алган. Кыргызстан тажик коопсуздук күчтөрүн миномет жана граната колдонду десе, тажик тарап Кыргызстанды талаштуу аймакта жол кура баштады деп айыптап келет. (AiK)

XS
SM
MD
LG