Казак бийликтери өлкөнүн башкы банктары боюнча жалган маалымат жайган адамдар аныкталганын билдиришти. Экинчи күнү казакстандыктардын көпчүлүгү Казакстандын үч башкы банкынын бөлүмдөрүнө бет алышып, өз депозиттерин банктардан алууга аракеттенишкен. Аларга смс жана интернеттен банктар девальвацияга байланыштуу өз ишин токтотот деген мааниде маалыматтар келген.
Шаршемби күнү Казакстандын башкы прокуратурасы мындай маалыматты тараткандар боюнча так маалымат берген жок, бирок иликтөө уланып жатканын кабарлады. Прокуратуранын маалымат катчысы жалган маалымат тараткандар эл аралык түйүн менен байланышта болушу мүмкүн экендигин жана алар Каспий, Альянс, Центркредит банктарына компенсация төлөшү ыктымал экенин белгиледи.
Казакстандын улуттук банкы өткөн жума тенгенин 19 пайызга куну кеткенин жарыялаган, бул өлкөдө баалардын кымбатташына алып келген (AiK)