Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Жумгалда соттолуучуларды өрттөгөнгө аракет кылышты


Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине бүгүн Жумгал райондук сот залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Окуядан улам соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыков оор абалда ооруканага жеткирилди. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу, ал эми дагы бир айыпталуучу Рустам Токтогулов дайынсыз болууда. Териштирүү иштери уланып жатат.

2013-жылдын 1-декабрында Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG