Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Орусия Киевге ортомчу жөнөтөт


Орусиянын президенти Владимир Путин Киевге мурдагы омбудсмен Владимир Лукинди сүйлөшүүлөрдө ортомчу катары жөнөтөт. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Лукинге мындай тапшырма бейшемби күнү Путин телефон аркылуу Янукович менен сүйлөшкөндөн кийин берилген.Сүйлөшүүдө приезидент Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө Орусиядан ортомчу жөнөтүүнү сунуштаган. Бир аз мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын өкмөтү менен оппозициясын "экстремисттерге" каршы чогуу күрөшүүгө чакырып, Батыштын Украинанын мамлекеттик кызматкерлерине карата санкцияларды киргизүү сунушун "опузалоо" жана "кош стандарт" катары сыпаттаган.

Шаардын саламаттыкты сактоо кызматынын маалыматы боюнча Киевдин борборундагы кагылышууларда жума ичинде 64 адам набыт кетип, 550 киши жараат алган. (AiK).

XS
SM
MD
LG