Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Евробиримдик украин бийликтерине каршы санкция жарыялады


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кандуу окуяларга жооптууларга каршы чаралар боюнча макулдашты. Мындай чечим 20-февралда Брюсселде Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча кеңешинин чукул жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, Украинада кагылышууларда ашыкча күч колдонууга тиешеси бар делгендердин банк эсептери камакка алынат, визалык чектөөлөр киргизилет. "Кара тизмеге" кирген адамдардын саны жана аты-жөнү ачыкталган жок. Ички кагылышууларда «колдонулушу мүмкүн» делген куралдарды Украинага экспорттоого тыюу салынат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон

- Украинада абал курчуп бараткандыгына байланыштуу биз чукул арада зомбулукка күнөөлүү бийлик өкүлдөрүнө каршы санкцияларды жарыялоо боюнча чечим кабыл алдык. Украинадагы кагылышууларда колдонулушу ыктымал болгон куралдардын экспорттук лицензиялары токтотулат, - деп билдирди.

Шаршемби күнү АКШ зомбулукка күнөөлүү делген украиналык 20 мамлекеттик кызматкерге санкция жарыяланарын кабарлаган. (AiK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG