Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Кара-Кулжада кар көчкү түштү


Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда он жерден кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 20-февралда кечкисин түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери түнү менен уланып, жол бир багытка ачылды.

Аба ырайына байланыштуу Кара-Кулжа райондук акимчилиги 30-январдан тарта саат 18:00дөн эрте мененки 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолундагы унаа кыймылына чектөө киргизген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын дээрлик бардык тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталып турганын эскертет. (SE)

XS
SM
MD
LG