Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Киевде дагы бир журналист мерт кетти


Киевдеги кагылышуу учурунда 22 жаштагы журналист Игорь Костенко каза болду. Ал Украинадагы “Спорт аналитика” басылмасынын кабарчысы болчу. 20-февралдагы кагылышта ага ок тийген. Бул тууралуу “Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.

18-февралда жергиликтүү “Вести” гезитинин кабарчысы Вячеслав Веремий да окуяны чагылдырып жүргөн кезде каза тапкан.

Украинада апта башынан бери демонстранттар менен полициянын ортосунда жүрүп жаткан салгылашууларда расмий маалымат боюнча 75 адам өлдү. Жүздөгөн кишилер жабыркап, 363ү ооруканага түштү. Оппозиция өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүндүгүн айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG