Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Жапон сүрөтчүсү Кыргызстанга арналган көргөзмө ачты


Жапон фотосүрөтчүсү Яёи Аримото “Ат үстүндө” деген аталышта жеке көргөзмөсүн ачты. Сүрөттөрдө кыргыз тоолору чагылдырылган. Көргөзмө Токиодогу “Тамбарин” фотогалереясында өтүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аримото сүрөттөрдү Кыргызстанга келген учурда тарткан. Көргөзмөгө коюлган бардык эмгектерин дээрлик ат минип жүрүп тарткандыктан, иш-чаранын аталышын “Ат үстүндө” деп атаган. (ATe)

XS
SM
MD
LG