Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Крым парламенти Украинадан бөлүнүүнү талкуулашы мүмкүн


Кабарларга караганда, Украинага караган Крымда жарым аралдын өз алдынчалыгы бүгүнкү чукул жыйында талкууланышы ыктырмал.

Крымдык депутат Рефат Чубаровдун айтымында, парламент бүгүн жума күнү түштө Киевдеги кризисти талкуулаш үчүн чогулууда. Крым парламенти бирок бул жыйын тууралуу расмий жарыя жасай элек. «Аргументы Недели – Крым» гезитине шилтеме берип, кечээ Украинада маалымат каражаттары президент Януковичтин крымдык бир нече колдоочусу Киевден келе жатканда киши колдуу болуптур деген маалымат таркатышты, бирок бул тастыкталган жок. Ал арада Крымдын өкмөт башчысы Анатолий Мохилев «азыркы кандуу акциялар Украинаны кыйрандыга түртсө, Крым Украинадан бөлүнүшү мүмкүн» деп айткандыгы үчүн Крым парламентинин спикери Володымыр Константиновду катуу сынга алды.

XS
SM
MD
LG