Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Украинада «убактылуу» келишимге кол коюлушу мүмкүн


Европа Биримдигинин аты аталбаган улук дипломатына шилтеме берип, Батышта кабар агенттиктери Биримдик Украина менен «убактылуу» макулдашууга бүгүн кол коёрун жазып чыгышты. Мунун алдында украин президентинин маалымат кызматы түнү бою өткөн сүйлөшүүдө кандуу саясий кризис боюнча келишим жетишилди деген билдирүү таркаткан эле. Бирок Франциянын тышкы иштер министри Лорен Фабиус «келишим жетишилди» деп айтканга шашылбоого кеңеш берген.

Президенттик кеңседен таратылган билдирүүдө президент Виктор Янукович, оппозиция жана Европа Биримдигинин министрлери катышкан түнкү сүйлөшүү эми түштө кайра жанданаары кошумчаланды. Сүйлөшүүгө Орусиядан Владимир Лукин арачы болуп катышууда. Украинанын саламаттыкты сактоо министрлиги шейшембиден берки кагылыштарда 77 кишинин курман болгонун бышыктады.

Бүгүн Украин армиясынын штаб башчысынын орун басары генерал-лейтенант Юрий Думанский отставкага кетип жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG