Вашингтондо бүгүн АКШнын президенти Барак Обама менен Тибеттин руханий жол башчысы Далай Ламанын жолугушуусу пландалган. «Тибетти Кытайдын курамында деп тааныган менен АКШ Тибеттеги адам укуктарынын начарлашына жана абалдын курч бойдон калып жатышына тынчсызданат», - деди Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Кейтлин Хейдн өткөн түндөгү билдирүүсүндө. «Бул биздин ишибизге орой кийлигишүү» деп эскерткен Кытай Обаманы жолугушуудан баш тартууга чакырган. Бул Обаманын 78 жаштагы Далай Лама менен 2011-жылдан берки биринчи жолугушуусу. Далай Лама Индияда сүргүндө жашайт.