Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Львов полициясы Киевдеги демонстранттарга жардамга келди


Маалыматтарга караганда, Украинанын эң батыш кыйырындагы Львов шаарынын тартип коргоочу офицерлери Киевдеги өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга келип кошулууда. Өлкө батышында украин улутчулдарынын туруму күчтүү экени маалым. УНИАН кабар агенттигинин билдиришинче, полициянын полковниги Васил Крыкявский демонстранттарга 50 офицери менен алардын турагын коргогону келгендигин бышыктады. Советтер Союзунун эң батыш шаары болгон Львов ушул аптада өзүн өзү башкарууга өтөөрүн жарыялаган эле. Ал арада түштүктөгү Крымда жарым аралдын өз алдынчалыгы Крым парламентиндеги чукул жыйында талкууланышы ыктымал деп кабарланууда. Крымда тургундардын 60% орустар түзөт.

XS
SM
MD
LG