Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Иса Өмүркуловго айыбы угузулду


Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркуловго "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "жер тууралуу мыйзамды бузган" деген айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Иса Өмүркулов тарабынан 2011-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын чек арасын мыйзамсыз кыскартууга жол берилгени аныкталды.

Өткөн жылы бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү аталган жер тилкесинде мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканына нааразылык билдирип чыккан. 2-декабрда Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголгон. Өмүркулов өзү бул айыптоонун негизсиз экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG