Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Пайфер: Крымдын эли бөлүнүүнү колдобойт


Украинанын түштүктөгү Крымда жарым аралдын өз алдынча болуусу бүгүн Крым парламентиндеги чукул жыйында талкууланышы ыктымал экендиги кабарланууда.

Крымдын бөлүнүп кетүү коркунучуна байланыштуу АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Стив Пайфер "Азаттыктын" орус кызматына мындай деди:

- Крым суроо астында. Бирок Крымдын калкынын 60 пайызы орустар болгон күндө да, мында көп санда украиндер, крым татарлары бар. Ошондуктан Крым боюнча тынчсыздануу бар. Бирок акыр-аягында, Крымдын сабырдуу калкы мындай чырга аралашкысы келет деп ойлобойм.

Маалыматтарга караганда, Украинанын батыш кыйырындагы Львов шаарынан тартип коргоочу офицерлер Киевдеги өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга келип кошулду. Бүгүн Киевде атышуунун добушу угулуп турду.

XS
SM
MD
LG