Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Студенттердин "боорсок" таймашы

21-февраль – эл аралык эне тил күнүнө карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Бишкектеги жогорку окуу жайлар арасында "Боорсок" сынагын өткөрдү. Аталган сынакта онго жакын окуу жайдын студенттери боорсоктун он бештен ашык түрүн калыстардын сынына койду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов баш болгон калыстар тобу Махмуд Кашгари атындагы чыгыш университетин жеңүүчү деп тапты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылып, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

16x9 Image

Мирлан Токталиев

"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, продюсер. Нарын Мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG