Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Украина: Оппозиция президент менен макулдашууга кол койду


Учурдагы оор саясий кризисти жөнгө салууну караган келишимге бүгүн Киевде орусиячыл президент Виктор Янукович, ал эми каршы тараптан Батыш колдогон оппозиция лидерлери Олег Тяхнибок, Виталий Кличко жана Арсений Яценюк кол коюшту. Президенттин штаб-квартирасындагы келишимге жетишүүгө Германиянын, Франциянын жана Польшанын өкүлдөрү катышты, бирок буга чейинки сүйлөшүүлөргө кирген Орусиянын өкүлү келген жок. Анын эмне себептен бул иш-чарага келбегени азырынча маалым эмес.

Өткөн түндөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Янукович президенттик чукул шайлоо өтөт, өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген эски Конституцияга кайтып, 10 күн ичинде убактылуу өкмөт түзүлөт деп жарыялаган. Киевдеги кагылыштарда ушул жумада аз дегенде 80 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG