Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Жогорку Рада абактагы Тимошенкону бошотууга добуш берди


Жума күнү украин парламенти абакта жаткан оппозициялык лидер Юлия Тимошенкону эркиндикке чыгарууга уруксат берүүнү колдоп добуш берди. Соңку кезде саламаттыгы начарлап бараткан Тимошенко Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген айып менен 2011-жылы жети жылга түрмөгө кесилген.

Жогорку Рада бир аз мурда 2004-жылдагы Конституцияга кайтып келүүнү жактырды. Учурдагы саясий кризисти жөнгө салууну караган келишимге бүгүн Киевде орусиячыл президент Виктор Янукович, ал эми каршы тараптан Батыш колдогон оппозиция лидерлери Олег Тяхнибок, Виталий Кличко жана Арсений Яценюк кол коюшту.

20-февралдын түнүндөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Янукович президенттик чукул шайлоо өтөт, өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген эски Конституцияга кайтып, 10 күн ичинде убактылуу өкмөт түзүлөт деп жарыялаган. Киевдеги кагылыштарда ушул жумада аз дегенде 80 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG