Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Киевдеги кырдаал авиакаттамдарга залакасын тийгизди


"Люфтанза" Украинага авиакаттамдарына өзгөртүү киргизди.
"Люфтанза" Украинага авиакаттамдарына өзгөртүү киргизди.
Украинадагы касташкан тараптар мунасага келсе дагы, Киевге каттачу жүргүнчүлөрдүн саны кескин азайган. Украинанын борборундагы кырдаал шаардагы эки жарандык аба майдандын иштерине жана авиакаттамдарга залакасын тийгизди. Айрым авиаишканалар кооптуу абалдан улам Киевге каттамдарын кыскартып, жадыбалдарын өзгөрүп, жада калса, толугу менен токтотуп коюшту.

Германиянын ири "Люфтанза" авиакомпаниясы Мүнхен жана Франкфурт шаарларынан Киевге каттамдарына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган авиаишкана кабарлады. Эми немис учактары "Борисполь" эл аралык аба майданында болгону 40 мүнөт боло алат. Мурда кээ бир рейстер кечинде конуп, кайра таңга маал учуп кетсе, эми "Люфтанзанын" бир дагы самолёту аталган аэропортто түнөбөйт. Европанын башка ири авиакомпаниялары дагы жадыбалдарын өзгөртүштү.

Ал эми Казакстандын "Эйр Астанасы" Киевге каттамдарын азайтууга мажбур болду. Астанадан Киевге жумасына үч каттамдан бирөө гана аткарылат. Алматы – Киев рейси аптасына беш эмес, үч жолу каттайт. Бул тууралуу казак авиакомпаниясы маалымдады. Ал эми Украинанын эл аралык аба жолдору (МАУ) каттамдар үзгүлтүксүз аткарылып жатканын кабарлады. (BAz)

XS
SM
MD
LG