Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Кыргыз-тажик чегиндеги чагым тууралуу сүйлөшүү болду


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бейшемби күнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк конушунда эки өлкөнүн күч органдарынын жетекчилери жолугуп, чек ара тилкелеринде жыл башынан бери орун алып жаткан чагымчыл аракеттер, милиция жана чек ара кызматкерлеринин биргелешип иш алып баруусунун кемчиликтери туурасында сүйлөштү.

Жолугушууга Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Баткен облустук ИИБ жетекчиси Анарбай Алимбеков, тажик тараптан Коргоо жана коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси Ш.Хайруллоев, Согди облусунун ИИБ жетекчиси Ш.Назаров катышты.

11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң бир катар сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тараптуу биргелешип кайтаруу чечими кабыл алынган.

11-январдагы атышууда беш кыргызстандык жоокер, бир милиция кызматкери жараат алган. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болгону кабарлаган. Бул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келет. (SA)

XS
SM
MD
LG