Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Кадырбаев: эстакада көпүрөсүнүн курулушу мыйзамсыз башталган


Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарын шаардын Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсүнүн курулушу менен тааныштырып жатып, куруу иштери мыйзамсыз башталгандыгын айтты. Кадырбаев учурдагы курулуштан кыйла жеңилирээк долбоорлор каралып жатканын да эскертти.

Ош шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев буга чейин да журналисттер менен жолугушууда мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун жеке көзөмөлүндө курулуп баштаган чоң көпүрөнүн иши мыйзамсыз башталганын айткан эле.

Кадырбаев кечээ “Республика” фракциясынын депутаттарын июнь коогасынан кийин курулган үйлөрдүн сапаты менен тааныштырган. (SA)

XS
SM
MD
LG